Урмат Бекболиев кызы Айымага туулган күнүндө автоунаа белек кылды. Бул тууралуу видеолорду Айыма социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Кечээ, 14-декабрда Айыма 18 жашка толуп, туулган күндүк кечесин өткөрдү. Ага жакындары, чыгармачыл чөйрөдөн коноктор чакырылды.
Ал эми апасы Анжелика Кайратова туулган күнү кызы каалагандай уюштурулганын жана атасынын белеги тууралуу жазган.
"Атасынын сюрпризи сонун болду. Акылдашып, кызыбызга деген белектерди бөлүштүрүп, колубуздан келишинче жасадык. Ар бир ата-эне сыяктуу эле кызыбызды колдоп, келечегине салым кошуудабыз",- деп билдирүү калтырган Анжелика.