Бишкек шаарында Telegram мессенжери аркылуу шаардагы бир катар мектептерде террордук акт даярдалып жатат деген билдирүү келип, текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматта №24, 44, 15, 10 билим уялары жана жеке мектеп "Kings International School" боюнча билдирүү тараган.
Бардык фактылар боюнча материалдар райондук ички иштер башкармалыктарына катталып, териштирүү иштери башталды. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө топтору барып, мектеп администрациясы жана окуучулар эвакуацияланды, айланадагы аймактар көзөмөлгө алынды. Кинологдор да иштеп жатышат.
Толук маалымат кийинчерээк берилет.