Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда көмүр газына ууланып үч бала каза тапты

Ош облусунун Кара-Суу районунда көмүр газына уулануу катталып, үч бала каза тапты. Маалыматты бүгүн, 15-декабрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, Баш-Булак айылынан 1998-жылы туулган Т.С. жана 2017-жылы туулган Б.Н. көмүр газына ууланып ооруканага жеткирилип, 2019-жылы туулган Б.Э., 2022-жылы туулган Б.А. жана 2024-жылы туулган Б.Х. каза болгон.

Аталган факт Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуянын себептерин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан