2026-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен 5 миң 270 гектар айыл чарба жерине тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 2 миң гектар жер аныкталды. 1 миң 500 гектар жер үчүн тендерлер жарыяланып, долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Мындан тышкары дыйкандарга суу үнөмдөөчү технологиялардын артыкчылыктары түшүндүрүлүп, республикалык деңгээлде 2 семинар өткөрүлдү.
Тендердик иштер аяктагандан кийин керектүү жабдуулар сатып алынып, 2026-жылдын вегетация мезгилине чейин системаларды орнотуу иштери пландалууда.