Таласта ири өлчөмдө баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 18-октябрда 62 жаштагы облус тургуну Ч.К. аттуу жаран баңгизатты колдонуп жана өзү жашаган үйүндө сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө 11-декабрда шектүү кармалып, ал жашаган үйдөн жана короо-жайынан жалпы салмагы 22 килограмм 351 грамм болгон баңгизат табылды. Шектүүгө карата Талас шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.