
Бүгүн, 16-декабрь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Мындай иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ал эми Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.