Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз балык уулап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-декабрда облустук милиция тарабынан жүргүзүлгөн түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын куймасынан мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталган.
Рейд учурунда аталган айылдын тургуну 64 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда анын жанынан 1 даана деге жана 10 даана форель балыгы табылган. Учурда бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.