Биз социалдык тармакта

Сокулукта 12 гектардан ашык болгон жөнгө салуу бассейни мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Сокулук районунда 43 миллион сомдук жөнгө салуу бассейни мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуу бассейни 2005–2006-жылдары мурдагы айыл өкмөт тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук текшерүүлөрдүн натыйжасында мөөнөтсүз мамлекеттик акт жасалып, жалпы баасы 43 миллион сом деп бааланган жөнгө салуу бассейни толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Сокулукта 43 миллион сомдук жөнгө салуу бассейни мамлекетке кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан