
Өлкөдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 17, 18, 19-декабрь күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунда, Мырзаке-Кара – Кулжа-Алайкуу унаа жолунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.