
Баткенде тургундун атасын абактан чыгарууга убада берип, анын 1,5 миллион сом акчасын алдап алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык милицияга 2-октябрда Баткен районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Баткен шаарынын 46 жаштагы Э.С. аттуу тургуну "абактагы атаңды бошотуп берем" деп 1 миллион 500 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен качып жүргөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен иш козголуп, Э.С. кармалды. Учурда шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.