Бишкекте эл ташыган автобустун айдоочусуна кол көтөргөн 31 жаштагы жаран 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн.
Райондук милиция жарыялаган видеодон ал автобуска кирип келип, айдоочуну уруп баштаганын көрүүгө болот. Айдоочу жооп кайтарып, ордунан тура калганда автобус жылып кеткен. Натыйжада автобус уруш баштаган кишинин унаасын сүзгөн.