Биз социалдык тармакта

Балыкчыда бир тууган агасын бычак менен саюуга шектелген жаран кармалды

Балыкчы шаарында бир тууган агасын бычак менен сайган делип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-декабрга караган түнү шектүүнүн үйүндө болгон. Ал мас абалда жүргөндө бир тууган агасы да мас абалында анын үйүнө келген. Натыйжада экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, иниси агасын ашкана бычагы менен курсагынын оң тарабына сайып жиберген. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ага операция жасалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Сот шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Балыкчыда бир тууган агасын бычак менен саюуга шектелген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан