Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлигинде жаңы жылдык майрамдарды өткөрүүгө чектөө коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасына ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерине жаңы жылга карата расмий эмес иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди.

Тиешелүү буйрукка, бүгүн, 16-декабрда министр Абсаттар Сыргабаев кол койду. Ага ылайык, министрликтин борбордук аппаратынын жана мекемелердин түзүмдөрүнүн эмгек жамаатына расмий эмес иш-чараларды өткөрүүгө, акча каражаттарын жана башка материалдык салымдарды чогултууга, ошондой эле белектерди берүүгө жана кабыл алууга тыюу салынат.

Ошол эле учурда эмгек жамаатка мүмкүнчүлүккө жараша өлкө аймагындагы карылар үйлөрүндө жана балдар үйлөрүндө жаңы жылга карата майрамдык иш-чараларды уюштуруп, белектерди тапшыруу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан