Бишкек ШИИББи: 2013-жылы борбордо 54 адам өлтүрүү катталып, 52 фактынын бети ачылган

Өткөн жылы 12 ай ичинде Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 8 846 кылмыш иши козголгон. 54 адам өлтүрүү катталса, анын 52синин бети ачылган (96,3 пайыз). Бул тууралуу 21-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зордуктоо фактыларынын 99,3 пайызынын, уурулук – 56,1 пайызынын жана унааны мыйзамсыз тартып алуу боюнча кылмыштын 80,3 пайызынын бети ачылган. Шаардын коомдук жайларындагы 1602 кылмыш катталып, 2012-жылга салыштырмалуу 51 фактыга аз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mery.89
2014-01-21 12:02:55
Ачылбай калган 2кылмыштын бироосу Букаевдин олумубу?ал да толук ачылган жок го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан