Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында ак куунун баласы куткарылды. Бул тууралуу 16-декабрда Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Даркан айылынын тургуну Бактыбек уулу Бектемир көл жээгиндеги булактан ак куунун баласын таап алган. Ал өз убагында туристтик-экологиялык милиция кызматына кабар берип, канаттууну кызматкерлерге өткөрүп берген.
Кызматкерлер ак куунун баласын коргоо жана калыбына келтирүү максатында Каракол шаарындагы "Бугу-Эне" зоопаркына өткөрүп беришкен.
Ысык-Көл облустук милициясы жарандарды жапайы жаныбарларды коргоого жана табылган жабыркаган жандыктар тууралуу ыкчам кабар берүүгө чакырат.