Бишкек шаарындагы Киргизия-1 конушуна жаңы автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, №159 маршрут Киргизия-1 конушунан темир жол бекетине чейин бекитилген маршруттук планга ылайык жүрөт.
Мэрия жүргүнчүлөрдү коомдук транспортту этияттык менен колдонууга жана таза кармоого чакырды.