Биз социалдык тармакта

Ооганстанда Кыргызстандын соода үйү ачылды

Кечээ, 16-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.

Мекеме соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тараптар бул кадамдын Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдөгү ордун белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан