Биз социалдык тармакта

Көчөдө токтоп турган унаанын тетиктерин уурдап кеткен жаран кармалды 

Бишкекте жолдо токтоп турган автоунаанын аккумуляторун уурдап кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга К.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ушул жылы 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Айни көчөсүндө токтоп турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасынын аккумуляторун уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан