Биз социалдык тармакта

Балыкчы шаарына 24 орундуу 10 жаңы автобус тапшырылды (видео)

Балыкчы шаарына 10 жаңы автобус тапшырылды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймакка жакынкы күндөрү дагы 10 атайын техника келет. Автобустарды иш сапар менен барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тапшырган.
"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен 24 орундуу 10 даана жаңы автобус шаар тургундарына тапшырылды",- деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Туманбаев Балыкчы шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышкан. Учурда көп кабаттуу үйлөрдөн турган комплексте негизги курулуш иштери жүрүп, бир катар имараттардын каркасы 3-кабатка чейин көтөрүлгөн.
Балыкчы шаарына 24 орундуу 10 жаңы автобус тапшырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан