
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XVII Евразия олимпиадасында 21 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеш 15–16-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага 200дөн ашуун окуучу катышкан. Ал эми өлкөнүн атынан 24 окуучу барып, 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль жана 3 сертификатка ээ болушкан.
Алтын медаль ээлери:
• Айдарбеков Алихан — 12-класс;
• Мананов Рамазан — 10-класс;
• Абдирасулов Абдуллахан — 10-класс;
• Сыдыкбаев Эмирхан — 8-класс;
• Саят Арлан — 8-класс;
• Акимов Ариет — 8-класс.
Күмүш медалдын ээлери:
• Зымчыбеков Ислам — 11-класс;
• Минбаев Байыш — 11-класс;
• Алишеров Азамат — 11-класс;
• Арапов Али — 10-класс;
• Карыпжанов Нурислам — 11-класс;
• Бектен Абдувалиев — 8-класс;
• Кадыров Адилхан — 10-класс;
• Жаникеев Саид — 10-класс;
• Алмазов Али — 10-класс.
Коло медалдын ээлери:
• Мавлянов Актан — 9-класс;
• Баймырзаев Аруубек — 9-класс;
• Исраилов Азирет — 9-класс;
• Филиппов Андрей — 11-класс;
• Алымбеков Сабыр — 10-класс;
• Базаркулов Айтегин — 11-класс.