Бүгүн, 17-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы Айдын-Көл башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
Президент окуучу менен баарлашып жатып, анын кар жиреп мектепке баргандагысы тартылган видеону көргөндө балалык кезин эстегенин айтты. Жапаров Нурзаманга ноутбук, футбол тобун, китеп жана өзүнүн телефонун белекке берди.
Буга чейин социалдык тармактарда Нурзамандын дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Окуучу президенттик балатыга чакырылган.