Бишкектин Жол кайгуул кызматы социалдык тармактарда автобустун катышуусунда болгон окуя боюнча маалымат берди.
Маалымдагандай, коомдук транспортто бара жаткан 2 жүргүнчү жаңжалдаша кеткен. Айдоочу автобусту токтотуп, эшигин ачканда бири экинчисин түртүп жиберген. Бирок кулап кеткен жаран райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган эмес жана дооматтары жок экендигин билдирген.
Кайгуул кызматы айдоочуга автобусту аялдамага жетпестен жол жээгине токтоткону үчүн тиешелүү чара көрүлгөнүн кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарда автобустун эшиги ачылганда жерге кулап түшкөн жарандын видеосу тараган.