
Орусиянын Москва облусунда бир нече жыл мурун адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран Кадамжайдан кармалды. Мындай маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы таратты.
Орусияда 2016-жылы адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп, Кадамжай РИИБине ушул жылдын 3-декабрында катталган.
Ага ылайык, шектүү Кадамжай районунун 45 жаштагы тургуну Москва облусунда чыккан уруш учурунда 1973-жылкы Т.Ж. аттуу жаранга бычак менен сокку уруп, анын өлүмүнө себепкер болгон.
Орусиянын тергөө органдары тарабынан күнөөсү далилденген соң, кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шектүү Кадамжайдын аймагынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.