Ош шаарында муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан 5 кабаттуу турак жай курулуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, батирлер "Ош-Тазалык" жана "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине аз пайыз менен, узак мөөнөткө ипотекалык шартта берилет.
Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан да көп кабаттуу турак жайларды куруу иштери башталганы кошумчаланды.