Биз социалдык тармакта

Бишкекте ден соолукка залал келтирип, качып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте ден соолукка залал келтирүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-апрелде Свердлов райондук милиция бөлүмүнө С.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 19-апрелге караган түнү саат 2:30 чамасында Б. жана М. аттуу жарандар аны сабап, денесине жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткени белгиленген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган М.Б. аттуу шектүү аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Соттун чечиминин негизинде шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан