Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы кийинки жылы кимдердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөрүн айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде 2026-жылдан баштап айлык акылар эки баскыч менен көтөрүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта, тагыраагы, 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин маянасы 50 пайыздан кем эмес көтөрүлөт. Ал эми экинчи баскычта, тагыраагы, 1-сентябрдан баштап муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга чейин жогорулайт.

"Бул үчүн кийинки жылдын бюджетине кошумча 39 миллиард сом киргизилип жатат", - деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы кийинки жылы кимдердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөрүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2025-12-18 22:53:00
Мамлекеттеги уурулукту токтотсо эле өлкө өнүгөт. Өлкөнү жакыр кылган эл эмес, уурдаган азчылыкты түзгөн чиновниктер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан