Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде кышында калкты электр энергия менен камсыздоодо көйгөйлөр болбой турганын билдирди.
Ал кышка болгон даярдык жакшы экенин белгиледи.
"Бүгүнкү күндө биз Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан керектүү көлөмдө электр энергиясын алып жатабыз. Мен ойлойм, кыш мезгилинен жакшы чыгып кетебиз. Өчүрүүлөр болбойт", - деди өкмөт башчы.