
Бишкектеги Көк-Жар айылында жайгашкан "Байбол" кафесинен
чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анда кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Ыкчам-нөөмөт кызматы тартылган. Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, 23:05те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзөт. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.