Этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүгө көмөктөшкөн экспедициянын өкүлдөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, алар Ооганстандагы Кичи жана Чоң Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүгө жана медициналык кароодон өткөрүүгө колдоо көрсөтүшкөн.