Ош шаардык мэриясы социалдык тармактагы баракчасына кышкы кооздукка бөлөнгөн калаанын видеосун бөлүштү. Учурда Жаңы жылга карата борбордук аянт, шаардагы көчөлөр кооздолуп, калаага көрк кошуп турган чагы.
Айта кетсек, 14-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылган. Балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланган. Мындан тышкары. “Түндүк жарыгы” жарманкеси, муз аянтчасы уюштурулган.