Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев Үрүмчү шаарындагы курулуш заводдору менен таанышты

Кечээ, 18-декабрда курулуш министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында курулуш материалдарын өндүрүүчү заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мекемеден билдиргендей, калаада министрди Синьцзян-Уйгур автоном районунун турак жай курулушу жана шаарларды өнүктүрүү департаментинин башкы директорунун орун басары Ван Цэ тосуп алды.
"Иш сапардын максаты - Үрүмчү шаарынын курулуш материалдары тармагындагы өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автоном районундагы өндүрүүчү заводдор менен кызматташтык байланыштарды түзүү",- деп белгиленет маалыматта.
Белгилей кетсек, Үрүмчү шаарына курулуш министри менен бирге Кыргызстандагы 30га жакын курулуш компанияларынын жетекчилери да барды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан