Бишкек шаарында №2 жаңы электробус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган электробус ушул эле номердеги троллейбустун ордуна каттамга чыккан. Ал Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт.