Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды төрөт үйүнө тез жеткирүүгө көмөктөштү (видео)

Бишкекте кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кош бойлуу аялды төрөт үйүнө тез жеткирүүгө көмөктөштү. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Горький көчөсүндө кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине жарандар кайрылып, кош бойлуу аялды шашылыш түрдө төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам сурашкан.

"Кызматкерлер дароо чара көрүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен кош бойлуу аялды тыгындарсыз жана ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткиришти",- деп билдирди башкармалык.

Аталган кош бойлуу аялга өз убагында жардам көрсөтүлүп, белгиленген дарекке жеткирилгенин кошумчалады.

Милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды ооруканага тез жеткирүүгө көмөктөштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан