Кара-Балтадагы кафелердин биринде идиш-аяктарды, эмеректерди сындырып, мекеменин жумушчуларын жазалайм деп коркуткан кардар кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИББинин маалымат кызматы бүгүн, 21-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, тартип бузган жаран милиция кызматкерлери келгенге чейин эле из жашырып кеткен. Көп өтпөй ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Жайыл районунун 23 жаштагы Б.К. аттуу тургуну кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө анын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги аныкталган. Жаран убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.