Ысык-Көл облусундагы "Каракол" лыжа базасына барчу жол тайгак болуп, унаалардын чыгып-түшүүсүнө оордук жаралууда.
Интернет желесинде видеолор тарап, ал жактагы бүгүн, 19-декабрда болуп жаткан көрүнүштөр чагылдырылууда. Андан айрым унаалардын чыга албай жатканын көрсө болот. Ал эми кээ бири биринин артынан бири сыйгаланып түшүп, кооптуулук жаратууда.
Айта кетсек, Транспорт министрлиги буга чейин инерттик материалдарды чачуу жана тынымсыз тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.