Биз социалдык тармакта

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өтөт 

Бишкек шаарында 20-21-декабрь күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматында, иш-чарада азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда. Жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкек шаарында уюштурулууда.

"Жарманкенин негизги максаты - баалардын өсүш ыргагын басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу",- деп билдирди министрлик.

Жарманке өтүүчү жерлер:

Турдакун Усубалиев атындагы аянт;
Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши;
Эркиндик бульвары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан