Биз социалдык тармакта

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы бирдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Үч-Коргон жана Журнальная көчөлөрүнүн кесилишинде текшерүүгө алынып, курткасынын оң чөнтөгүнөн 28 таңгак синтетикалык баңгизат табылган. Аталган зат Telegram мессенжериндеги интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатууга багытталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, жасоо же сатуу максатында сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан