
Кара-Суу шаарындагы 35 жаштагы киши менен 21 жаштагы жигиттин жаңжалы боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 18-декабр Туратали базарынын унаа токтотуучу жайында болгон. Анда 2 жаран орун талашып, мушташып кетишкен. 35 жаштагы киши ооруканага кайрылган. Окуя боюнча эки тарап тең милицияга арыз жазышкан.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда 2 жаранга тең тийиштүү экспертизалар дайындалган жана күбөлөр суралып, окуяга тиешеси бар далил буюмдар алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Облустук милиция текшерүүнүн жыйынтыгы жана экспертизанын корутундусу боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалады.