Биз социалдык тармакта

Маданият министри "D Billions" командасынын мүчөлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Кечээ, 19-декабрда "D Billions" командасынын мүчөлөрүнө өлкөбүздүн креативдүү индустриясын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
Маданият министрлиги кабарлагандай, сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө министр команда мүчөлөрү менен баарлашып, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жогору баа берген жана мындан аркы иштерине ийгилик каалаган.
"D Billions" – балдарга арналган музыкалык жана анимациялык контентти жараткан, эл аралык деңгээлде кеңири таанылган креативдүү команда. Алардын видеолору дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрүлүп, миллиондогон көрүүчүлөргө ээ болуп, кыргыз креативдүү индустриясын дүйнөлүк мейкиндикте таанытууга олуттуу салым кошуп келет.
Маданият министри "D Billions" командасынын мүчөлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан