Бүгүн, 20-декабрда Жалал-Абаддын Сузак районунда жайгашкан Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлерине батирлер 4 пайыздык чен менен Манас шаарындагы “Асман Резиденс 1” турак жай комплексинен берилген. Аталган турай жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган.