Бишкектеги Чүй кең көчөсүнүн ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды. Бул тууралуу аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Old Bishkek компаниясы кабарлап, видео жарыялады.
Айта кетсек, унаа жолунун кеңдиги 20 метр болду.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Old Bishkek долбоору менен таанышып чыккан соң жолго чыгып кеткен курулуштарды бузуп, жол тилкесин кеңейтүү тапшырмасын койгон.