Бишкектеги түнкү клубдардын биринин алдында мушташкан жигиттер кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 20-декабрда саат болжол менен 03:20да билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери жаңжалдын бардык катышуучуларын милиция бөлүмүнө алып барышкан.
Натыйжада 25, 24, 22, 19 жана 18 жаштагы жигиттер соттун чечими менен 3 күндүк мөөнөткө камакка алынышты.