
Бүгүн, 22-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттамдар бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна 21-декабрда киргизилген чектөө бүгүн саат 08:40та алынды. Ал эми 19-декабрдан 22-декабрга чейин Каракол-Эӊилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгындагы унаанын бардык түрүнө киргизилген чектөө күчүндө. Чектөө кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кабыл алынган.
Учурда жолдордо кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери уланууда.