Бүгүн, 22-декабрда Сокулук районунун Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана ыкчам топ тартылган. Окуя болгон жерден жалпы 30 адам эвакуацияланган.
Тилсиз жоо саат 09:53тө чектөөгө алынды, өрттүн аянты болжол менен 550 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.