Каракол шаарынын ички иштер жана билим берүү органдарынын айрым кызматкерлери кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн жазаланышты. Бул тууралуу УКМК 22-декабрда кабарлады.
Белгиленгендей, Каракол шаарындагы №7 орто мектептин 9-классынын ата-энелер комитетинин өкүлү мектептеги системдүү зомбулук боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган арызынын негизинде атайын кызмат бир катар иликтөөлөрдү жүргүздү.
"Тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча иштер тийиштүү түрдө жүргүзүлбөй, жаш муундарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттер аткарылбай жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т., Каракол ШИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. ээлеген кызматтарынан бошотулду",- деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми төмөнкү кызматкерлерге карата тартиптик чаралар көрүлдү:
Мындан тышкары, төмөнкү окуучулар:
Мындан тышкары, тийиштүү кызматтарга Ысык-Көл облусунун башка билим берүү мекемелеринде ушул сыяктуу укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу максатында комплекстүү чараларды көрүү боюнча тапшырма берилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.