Өлкөдө бир жума ичинде 20 миң 295 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-декабрдан 21-декабрга чейин жол эрежелери бузулгандыгы үчүн 3719 унаа айып короого токтотулган.
Жол эрежелери бузулган учурлар:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1558;
- мас абалында унаа башкаруу – 424;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 135;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 565;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2980;
- авто ээнбаштык – 29;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2569;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 4;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8312;