Биз социалдык тармакта

Бишкекте ичимдик ичип унаа башкарган айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте мас абалында автоунаа башкарууга шектелип Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган айдоочу менен сүйлөшүү учурунда андан спирт ичимдигинин жыты чыккан. Белгиленген тартипте айдоочу наркологиялык мекемеге жеткирилип, медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында алкоголь ичимдигин колдонгону аныкталган.

Аталган факт боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна токтотулганы маалым болду.

Бишкекте ичимдик ичип унаа башкарган айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nyrbekali87
2025-12-22 15:47:00
Бир стакан арак бир нече тагдырды талкалайт. Мас айдоочу өзүн эле эмес, башкаларды да өлтүрөт. Өз өмүрүңдү баалабасаң да, башканыкын ойлоп койгула.
+1
Azat-123
2025-12-22 16:06:00
Ушундай ичимдиктерди саттырбай эле койбойсуздарбы урматту өкмөт жана бийлик, элдин көпчүлүк бөлүгү каалабаганын айдан ачык көрүп турасыздар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан