Эртең, 23-декабрда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет берген маалыматта айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 ... -9, күндүз -1 ... +4;
- Талас жергесинде түнкүсүн -6 ... -8, күндүз +1 ... +3;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +3 ... +5;
- Нарын аймагында түнкүсүн -9 ... -11, күндүз -4 ... -5;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -5 ... -7, күндүз +2 ... +3.