
Чүйдө уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык милиция бөлүмүнө А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, аталган шаардагы "А-Г" аттуу жайдын жанында токтоп турган Mazda Premacy унаасынын ичине белгисиз жаран кирип, парфюмерия каражаттарын уурдап кеткен. Натыйжада олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы А.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шаардык соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган.