
Баткен облустук милициясы Кызыл-Кыяда дүкөндөрдө уурулук жасаган деген шек менен эки жаран кармалганын билдирди.
Милицияга ушул жылдын ноябрь айынан тартып Кызыл-Кыя шаарында түнкү убакта дүкөндөрдү бузуп кирүү жолу менен уурулук фактылары катталып, жарандардан ички иштер органдарына бир нече арыз түшкөн.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.
Шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун 33 жаштагы тургундары Т.Р. жана К.М. кармалып, тиешелүү тартипте тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.